«Балдар үчүн ишеним телефонуна» бир жумада 2 миң 712 кайрылуу келип түшкөн

16.10.2019, 15:52 Акчабар
«Балдар үчүн ишеним телефонуна» бир жумада 2 миң 712 кайрылуу келип түшкөн

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна ушул жылдын 8-октябрынан 14-октябрга чейин 2 миң 712 кайрылуу түштү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 33 абонент консультация алуу үчүн чалган. Алардын 6 пайызын жаш балдар, калганын чоң кишилер түзөт.

«20 абонентке телефон аркылуу сунуштар берилди, 13 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталды», -деп айтылат маалыматта.

Финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап 7 абонент, үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу 6, балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу 6, социалдык жардам сурап 5, билим берүү системасы боюнча 4, балдарга карата кайдыгер мамиле 2, аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу 1, баланы тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын, окуучулар менен мугалимдердин болгон өз ара мамилелери тууралуу 1, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишине нааразычылык билдирип 1 абонент чалган.

Тэги: Балдар үчүн ишеним телефону кайрылуу балдар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть