Бардык региондордогу айылдарды суу менен камсыз кылууга 33 млрд сом сарпталат

10.08.2020, 09:26 Акчабар
Бардык региондордогу айылдарды суу менен камсыз кылууга 33 млрд сом сарпталат

2024-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарындагы 822 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылууда. Долбоорду 33 миллиард сом өлчөмүндө каржылоо гранттык жана узак мөөнөттүү насыялардын негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Мындан тышкары, 2024-жылга чейин 31 суу объектиси пайдаланууга берилет деп пландалууда. Натыйжада 27 миң гектар жаңы сугат жер иштетилет, 46 миң гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшырат. Быйыл дагы 1,7 миң гектар жаңы сугат жерин өздөштүрүү пландалууда.

Мисалы, ушул жылдын күзүндө Баткен облусунун Лейлек районунда Максат сифонунун курулушу башталат (өлкөдөгү эң ири ирригациялык долбоорлордун бири).

«Биз дайыма калкыбыздын 70%ы айыл жеринде жашайт деп айтып келебиз. Бирок чындап келгенде, айылдардан көбү кетти. Ошол айылдардан чыгып кеткен элди кайра кайтаруу, эми баарын кайтара албасак дагы азыркы өсүп келе жаткан муунга, биздин балдарыбызга ошол жерде жумуш орундарын түзүшүбүз керек. Ал үчүн эмне кылыш керек? Ал үчүн мамлекетте болгон каражаттарды ошол жактарга буруу керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттеги болгон мүмкүнчүлүктөрү — бюджет, иштеп жаткан Россия-Кыргыз фонду сыяктуу фонддор, ошондой эле сырттан тартылган каражаттар аймактарга багытталат», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Тэги: айылды суу менен камсыздоо Сооронбай Жээнбеков Таза суу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть