Баткенде бала аз төрөлүүдө

09.08.2021, 12:50 Акчабар
Баткенде бала аз төрөлүүдө

Баткен облусу боюнча 2021-жылдын январь-март айларында 3131 бала төрөлүп (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 39 балага азайган), же калктын 1000 не 23,4 баланы түздү. Бул тууралуу Баткен облустук статистика башкармалыгынан маалым болду.

Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн убакыт аралыгында калктын табигий өсүшү 2498 адамды, же 1000 кишиге 18,7 түздү.

2021-жылдын январь-март айларында 46 кичинекей балдардын өлүмү катталып, көрсөткүч 14,7 промиллди түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир жашка чейинки балдардын өлүмү эки балага азайган.

Тэги: төрөт балдар Баткен демография

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть