Баткенде инфляциянын деңгээли былтыр 111%ды түздү

26.01.2022, 15:40 Акчабар
Баткенде инфляциянын деңгээли былтыр 111%ды түздү

Былтыр Баткенде инфляциянын деңгээли 111,3 пайызды түздү. Бул тууралуу облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктыгы боюнча коллегиялык кеңешмесинде айтылды.

Ал эми өнөр жайынын көлөмү 3931,9 млн сомду түзүп 204,0% га аткарылды, айыл чарбасы 21820,8 млн сом же өсүү темпи 93,3% болду, рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 2021-жылда 19 миң 962,4 млн сом же 93,8 пайызга, анын ичинен дүң жана чекене соода, калкка кызмат көрсөтүүнүн өсүү темпи 108,3 % пайызды түздү.

Салык топтоонун планы 106,3%, ал эми эмгек акынын көлөмү 14380,6 сомго жетип, андан мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 107,6%га өскөн, минималдык керектөөчү бюджет 2020-жылы 5372,40 сомду түзсө, 2021-жылда 6343,6 сом болду.

Тэги: инфляция Баткен жыйын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть