Баткенде пенсия, жөлөкпулдарды жогорулатуу сунушу берилди

21.01.2022, 09:45 Акчабар
Баткенде пенсия, жөлөкпулдарды жогорулатуу сунушу берилди

Кечээ, 20-январда президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысына “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Арзыбек Кожошев маалымдагандай, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 62 преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштардын тизмеси бекитилди жана аларды төмөнкү салыктардан бошотуу аныкталды:

  • киреше салыгынын ставкасы 10% дан 5% га чейин төмөндөтүү;
  • пайда салыгынан толук бошотуу;
  • сатуудан алынуучу салыктан бошотуу.

Мындан сырткары, тийиштүү мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык, Баткен облусуна 1 млн доллар өлчөмүндө инвестицияларга (КР башка аймактарда 3 млн доллардан кем эмес), Баткен облусу үчүн тоо-кен тармагына 10 млн доллар инвестицияларга (КР калган аймактарда 20 млн доллардан кем эмес) мамлекеттик кепилдиктер берилет.

Аны менен бирге, мамлекет тарабынан инвесторлорго келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенет.

Ошондой эле, Баткен облусунда калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүүнүн өзгөчө режими киргизилди.

“Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардан: ооруканаларда 50% арзандатуу менен дарылоо, 50% арзандатуу менен лабораториялык изилдөөлөр кыскарган, Ички иштер министрлиги тарабынан соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарды акысыз берүү каралды. Бардыгы болуп 7 мамлекеттик кызматтарга жеңилдетүүлөр көрсөтүлөт. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 25,0 млн сом каралат”, - деп билдирди Кожошев.

Министрлер кабинети тарабынан Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияларды 2000 сомго жогорулатуу, жөлөкпулдарды эки эсеге жогорулатуу, аталган 62 айылда үй-бүлөгө электроэнергияны 50% жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлерине - дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын кошумча көбөйтүү сунушталды.

Президент Садыр Жапаров айтылган сунуштарды колдоого алды.

Тэги: Президент Садыр Жапаров Арзыбек Кожошев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть