Бажычылар 1,4 млн сом бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысын аныктады

22.04.2022, 11:58 Акчабар
Бажычылар 1,4 млн сом бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысын аныктады

«Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери 1 млн 422 миң 760 сом суммасында бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде «Аламүдүн» станциясына «Ж.Ж.» ЖЧКнын дарегине жүк ташуучу вагон келген. 14-апрель күнү аталган ЖЧКнын өкүлү тарабынан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн пакеттин идентификатору тапшырылган. Эсеп-фактурага ылайык, бажылык тариздөөгө жалпы брутто салмагы 241 032 кг түзгөн - «жалпак түрүндө оролгон болот прокаты» товары көрсөтүлгөн.

Бирок, бажылык текшерип кароодо «туурасы 600 мм жалпак түрүндө оролгон болот прокаты же гальваникалык же башка каптоо менен капталган прокаты» товары аныкталган. Аталган товар башка код менен классификацияланууга тийиш болгон, албетте, бул бажы төлөмдөргө таасирин тийгизет.

"Төлөмдөрдү эсепке алуу жана статистика бөлүмү берген маалыматка ылайык, бажы төлөмдөрүнүн айырмасы 1 млн 422 миң 760 сомду түздү. Башкача айтканда, 1 млн 422 миң 760 сом суммасында кошумча бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталган",- деп айтылат билдирүүдө.

Чогултулган материалдар андан ары каралуу жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Тэги: бажы төлөмдөрү бажы кызматы пакеттин идентификатору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть