Beeline’дын тарифтик пландары менен бирге билим дүйнɵсүнɵ чɵмүл

25.01.2022, 11:39 Акчабар
Beeline’дын тарифтик пландары менен бирге билим дүйнɵсүнɵ чɵмүл

2020-жылы бүткүл дүйнɵ жүзүн басып алган Covid-19 пандемиясы кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосуна чоң таасирин тийгизүүнү улантып келет. Ооруну жуктуруп алуу коркунучун тɵмɵндɵтүп, жакындарыбызды коопсуздукта кармоо үчүн биз кɵпчүлүк чогулган жерлерге барбай, досторубуз менен кɵңүлдүү компанияда чогулуудан баш тарттык.

Бирок балдарыбыз үчүн сапаттуу билим алуудан баш тартпай эле койсок болот. 2020-жылы эле Beeline уюлдук оператору мектеп окуучулары жана студенттер үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу - "Жаңы билим онлайн" жана "Жаңы билим онлайн апта", ал эми мугалимдер жана окутуучулар үчүн "Жаңы мугалим онлайн" тарифтик пландарын чыгарган жана алар азыркы убакта да актуалдуу жана талаптуу болуп турат.

"Пандемия башталгандан бери билим берүү чɵйрɵсү мектептердин жана башка билим берүү мекемелеринин жабылышы сыяктуу чоң ɵзгɵрүүлɵрдү башынан ɵткɵрдү. Кɵпчүлүгү дистанттык окуунун жаңы форматына ылайыкташууга аргасыз болушту жана бул биз үчүн онлайн-билим берүү жаатына инновацияларды киргизүү үчүн түрткү болду. Мектеп окуучулары, студенттер жана окутуучулар үчүн жакшыртылган тарифтик пландарды чыгаруу Beeline’дын жигердүү иштɵɵсүнүн натыйжасы болуп калды", - дешти Beeline’да.

Ошентип мектеп окуучулары жана студенттер үчүн компания тɵмɵнкү эки тарифтик планды сунуштайт:

  • "Жаңы билим онлайн"-тɵрт аптага болгону 285 сомго: Telegram, WhatsApp, Google Classroom, Skype, Kelbil жана Zoom’га чексиз жеткиликтүү, ошондой эле акысыз трафиги бар билим берүү ресурстарынын топтому, тармактын ичинде чексиз чалуулар, SMS жана 20 ГБ интернети бар топтом берилет.
  • "Жаңы билим онлайн апта"-аптасына 105 сомго: Telegram, WhatsApp, Google Classroom, Skype, Kelbil жана Zoom’га чексиз жеткиликтүү ошондой эле акысыз трафиги бар билим берүү ресурстарынын топтомун, тармактын ичинде чексиз чалуулар, SMS жана 8 ГБ интернети бар топтомду алса болот.

Beeline сатуу жана тейлɵɵ борборлоруна барып, тарифтерди кошууда студенттер паспортун жана студенттик билетин, мектеп окуучусунун ата-энелери – окуучунун туулгандыгы жɵнүндɵ күбɵлүгүн ала баруусу зарыл.

Beeline мугалимдерди да унуткан жок. Оператор атайын мугалимдер үчүн айына 285 сомго "Жаңы мугалим онлайн" жаңы тарифтик планын чыгарды. Ал ɵзүнɵ Telegram, WhatsApp, Google Classroom, Skype, Kelbil жана Zoom’га чексиз жеткиликтүү, ошондой эле акысыз трафиги бар билим берүү ресурстарынын топтомун, тармактын ичинде чексиз чалуулар, SMS, КР башка уюлдук операторлорунун номерлерине 100 мүнɵт жана 30 ГБ интернети бар топтомду камтыйт.

Бул тарифти кошуу үчүн паспорттон тышкары жумуш ордунан тактама талап кылынат.

Тарифтик пландар боюнча кеңири маалыматты шилтеме боюнча биздин сайттан алсаңыз болот.

Beeline: Сизге камкордук менен.

Тэги: COVID-19 билим берүү чɵйрɵсү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть