Беларусиянын, Орусиянын жана Украинанын ишкерлери бизнестерин Борбордук Азия өлкөлөрүнө активдүү которууда

28.09.2022, 16:46 Акчабар
Беларусиянын, Орусиянын жана Украинанын ишкерлери бизнестерин Борбордук Азия өлкөлөрүнө активдүү которууда

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Борбордук Азиянын ИДПсы 2022-жылы 4.3%, ал эми 2023-жылы 4.8% өсөт деп болжолдоодо. Аталган банктын жазгы божомолу жогору карай кайра каралып чыкты. Бул тууралуу банктын «Региондук экономикалык келечек» аттуу акыркы отчетунда айтылды.

Борбордук Азиянын көпчүлүк экономикалары геосаясий кырдаалдын курчушуна олуттуу каршылык көрсөтүп жатканы белгиленген.

Учурда Казакстан менен Түркмөнстан азыр мунай менен газдын баасынын жана экспорттун көлөмүнүн жогорулашынан улам рекорддук кирешеге ээ болууда. Эмгек мигранттарынын кызматына суроо-талап кескин өсүп жаткан Орусиядан Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга көп өлчөмдө акча которуулар уланууда.

«Орусиялык үй чарбалары эл аралык төлөм карталарын бул өлкөлөрдө алууга жана чет элдик валютадагы аманаттарын ошол жерге жайгаштырууга умтулуп жатканынан Борбор Азиянын көптөгөн мамлекеттери пайда көрүшөт. Беларустун, Орусиянын жана Украинанын миңдеген орус тилдүүлөрү санариптик көчмөндөрдү жана IT кызматтарын экспорттоочуларды тартуу үчүн түзүлгөн Өзбекстандын IT-паркы сыяктуу атайын экономикалык аймактарынан пайдаланып, Борбор Азияга көчүп, бизнесин өнүктүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада Борбор Азиянын баш калааларында кыймылсыз мүлк базарында өсүү байкалууда. Мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануу тармагы активдүү өнүгүүдө.

Тэги: ЕБРР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть