«Бир Бол» фракциясынын депутаттары бир айлык маянасын Саламаттык сактоо министрлигине которушат

18.03.2020, 17:30 Акчабар
«Бир Бол» фракциясынын депутаттары бир айлык маянасын Саламаттык сактоо министрлигине которушат

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаттары коронавирус менен күрөшүүгө жардам катары бир айлык маяналарын Саламаттыкты сактоо министрлигине которот. Бул тууралуу фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

«Учурда Кыргызстандын жарандары коронавирус жуктуруп алган учурлар катталгандыгына байланыштуу өлкө үчүн ар бирибиздин салымыбыз, жардамыбыз маанилүү болуп турат. Бардыгыбыз тазалык эрежелерин сактап, эл көп топтошкон жерлерден алыс болуп, улуттун саламаттыгына өз салымыбызды кошолу», – деген Сулайманов.

18-мартта коронавирус жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургуну болгон. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Азыр алар Жалал-Абад облустук жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Тэги: Бир Бол фракция депутаттар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть