Бишкектеги эки жаңы конушка 99 млн сомго бала-бакча курулат

22.03.2021, 16:30 Акчабар
Бишкектеги эки жаңы конушка 99 млн сомго бала-бакча курулат

Бишкек мэриясы эки бала-бакчанын курулуш иштерин баштады. Долбоор 99 млн сомго бааланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Келечек» жаңы конушундагы жалпы аянтчасы 1.4 миң квадрат метр жерди түзгөн бала-бакча 100 балага ылайыкташкан. Курулуш иштеринин баасы 39.4 млн сомду түзөт, каражаттар шаардык бюджеттен бөлүнөт.

Ошол эле учурда «Арча-Бешик» жаңы конушунда 180 орундуу бала-бакчанун курулушу уланууда. Жаңы эки кабаттуу бала бакчанын жалпы аянты 2 миң квадрат метрди түзөт. Курулуш иштерине 59.4 млн сом жумшалат.

Тэги: Бишкек мэриясы бала-бакча курулуш иштер долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть