Бишкекте «Инновациялык агро борбор» ачылды

16.02.2022, 15:20 Акчабар
Бишкекте «Инновациялык агро борбор» ачылды

Көк-Жар айылындагы Кыргыз Мамлекеттик юридикалык университетинин имаратында "Инновациялык агро борбор" ачылды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, борбор бизнес, билим берүү жана иш-чаралар үчүн мультимедиалык мейкиндиктерди камтыйт.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен жабдылган борбор ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга жана тренингдерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ал эми келечекте агроөнөр жай тармагындагы билим берүү жана бизнес үчүн чечимдерди сыноо үчүн тестирлөө аянтчасына айланары айтылды.

Тэги: билим берүү агроинновация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть