Бизнести колдоого коммерциялык банктар 4.2 млрд сом бөлгөн

06.08.2020, 10:17 Акчабар
Бизнести колдоого коммерциялык банктар 4.2 млрд сом бөлгөн

Бизнести жеңилдетилген насыялоо программасына 14 млрд сом каралган. Мындай билдирүүнү өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«Бүгүнкү күндө Программанын алкагында коммерциялык банктарга ишкердик субъектилерге жеңилдетилген кредит берүү үчүн 4,2 млрд сом бөлүндү. Анын 2,2 млрд сому Финансы министрлиги тарабынан, Улуттук банктын кредиттик аукциондору аркылуу 2 млрд сом ишкерликти колдоого бөлүндү», - деп кошумчалады Боронов.

Өкмөттүн антикризисттик планынын алкагында 10 коммерциялык банк бизнести жеңилдетилген насыялоо боюнча иштеп жатат.

Премьер-министрдин айтуусунда, бизнести колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлбөсө жана экономиканы керектүү финансылык ресурстар менен камсыз кылбасак, экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

«Өкмөт насыянын негизги суммасын кайтаруу боюнча мөөнөтүн 3 айга узартуу (пролонгациялоо) жөнүндө чечим кабыл алган. Бирок азыркы шартта бул жетишсиз деп ойлойбуз. Жагдайга жараша насыяны кайтаруу мөөнөтүн дагы кеңейтүүнү зарыл деп эсептейбиз. Мындай чараларды калк үчүн керектөөчү жана ипотекалык насыяларга дагы колдонуу туура болот. Учурда бул механизмдер каралып жатат», - деп белгиледи өкмөт башчы.

Тэги: бизнести колдоо ишкерлик субъект Кубатбек Боронов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть