Боронов: Фискализация – көмүскө экономиканы кыскартуунун жана бюджетти толтуруунун маанилүү механизми

06.08.2020, 09:48 Акчабар
Боронов: Фискализация – көмүскө экономиканы кыскартуунун жана бюджетти толтуруунун маанилүү механизми

Бажы жана салык процедураларын фискалдаштыруу тутумун өнүктүрүү маселеси – Кыргыз Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул туурасында 5-августа Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 1-июлунан тарта ишке киргизилген электрондук эсеп-фактуралар, виртуалдык кассалык аппараттар, бардык май куюучу жайларда мунай заттарын чыгарууну эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму иштеп баштады.

Жыл аягына чейин алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын санариптик идентификациялоо аркылуу милдеттүү түрдө маркировкалоо боюнча электрондук кызматтар ишке киргизилет. Булардын баары Мамлекеттик бажы кызматынын электрондук сервисине толук кошулат, натыйжада, көмүскө экономиканын көрсөткүчтөрү төмөндөп, республикалык бюджетке түшүүчү каражаттардын көлөмүн жогорулатууга шарт түзүлөт», - деди өкмөт башчы.

Тэги: Кубатбек Боронов Экономикалык абал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть