Боронов: Өкмөт ата мекендик агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн жардам берүүнү улантат

13.08.2020, 09:49 Акчабар
Боронов: Өкмөт ата мекендик агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн жардам берүүнү улантат

Премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ысык-Ата районундагы фермердик чарбанын иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

20 гектар жери бар чарбада 12 киши иштейт. Бул жерде асыл тукум жылкы, ири мүйүздүү мал, кой жана чочко багылат. Жалпысынан миңден ашык ири мүйүздүү мал жана майда жандык бар.

Жумушчу сапардын алкагында Кубатбек Боронов фермерлер менен жолугуп, анда айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана жеңилдетилген насыя аркылуу финансылык колдоо маселелери талкууланды.

Премьер-министр жеңилдетилген насыя жана дыйкандарды мамлекеттик жана коммерциялык банктар аркылуу лизингге техника берүүнү камсыз кылуу программасы боюнча кенен түшүндүрмө берди.

Тэги: Өкмөт лиззингге техника

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть