БУУ Кумтөр боюнча КР менен Центерранын ортосундагы келишим боюнча комментарий берди

07.04.2022, 09:34 Акчабар
БУУ Кумтөр боюнча КР менен Центерранын ортосундагы келишим боюнча комментарий берди

Бириккен Улуттар Уюму Кумтөр кени боюнча Кыргызcтан менен Centerra Gold Inc ортосунда тынчтык келишимине кол коюлгандыгы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

БУУнун Башкы катчысынын пресс-катчысынын орун басары Ф.Хан журналисттер үчүн өткөргөн пресс-конференциясында, кыргыз өкмөтү менен канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын ортосунда Кумтөр кени боюнча тынчтык келишимине кол коюлгандыгын БУУ тарабынан кабыл алынгандыгын билдирди.

"Тынчтык келишимине кол коюу - маселени эл аралык коммерциялык укуктун алкагында чечилишин билдирет, аны кыргыз тарап БУУнун мүчөсү катары сактап келет. Биздин өлкө тарабынан эл аралык укукту сактоосун көрсөтүү дуйнөлүк коомчулук үчүн абдан маанилүү ролду ойнойт",- деп айтылат маалыматта.

Тэги: БУУ Кумтөр алтын кени Центерра Голд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть