Быйыл бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 5,8 млрд сомго көбөйдү

15.04.2022, 11:29 Акчабар
Быйыл бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 5,8 млрд сомго көбөйдү

Мамлекеттик бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын I кварталына карата бажы төлөмдөрү боюнча планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 14,2 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын 1-кварталы менен салыштырганда түшүүлөр 5,8 млрд сомго көбөйгөн, же өсүү темпи 168,3% түзгөн.

"Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 109,2% аткарылган же 1,2 млрд сомго көп чогултулган", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: бажы төлөмдөрү бажы кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть