Быйыл дыйкандарга 229 айыл чарба техникасы лизингге берилди

20.04.2022, 09:29 Акчабар
Быйыл дыйкандарга 229 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Үстүбүздөгү жылы лизинг жолу аркылуу дыйкандарга 229 даана айыл чарба техникасы берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 6840,1 млн сомго 4005 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, анын ичинен 2022-жылы 536,6 млн сомго 229 даана техника берилди.

Министрлер кабинетинин кабыл алган чечимдерине ылайык, техникаларды лизингке берүү шарттары төмөндөгүдөй болуп бекитилген:

  • лизинг мөөнөтү – 10 жылга чейин;
  • лизингдин үстөк пайызы жылдык – 6%;
  • алгачкы салымынын өлчөмү акчалай эсептегенде лизинг предметинин наркынан 10 пайыздан кем эмес болушу керек;
  • лизинг алуучу тарабынан алынуучу техниканын наркынын 10 жана андан ашык пайызы биринчи салым катары төлөнсө, кошумча күрөөлүк мүлк коюлбайт жана кредитти төлөөнүн кепилдиги болуп лизинг предметинин (техника) өзү эсептелет;
  • лизингке берилип жаткан айыл чарба техникасын камсыздандыруу ыктыярдуу негизде, лизинг алуучунун макулдугу менен жүргүзүлөт.

Тэги: Айыл чарба министри лизинг айыл чарба техникасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть