Быйыл каржы пирамидасына 133 адам алданып, 61 млн сом чыгым тартты

16.03.2022, 15:02 Акчабар
Быйыл каржы пирамидасына 133 адам  алданып, 61 млн сом чыгым тартты

Үстүбүздөгү жылдын эки айында каржы пирамидасына жалпы 133 адам алданып, алдын ала келтирилген чыгым 61 млн сомдон ашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Акыркы эки айда ИИМ тарабынан каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча 111 сотко чейинки өндүрүш иши тергелип, анын ичинен 91и сотко жиберилген.

Жогорудагы фактылардын көбү Бишкекте, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган.

ИИМ каржы пирамида – финансылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири экенин жана мында тартылган каражаттар боюнча, киреше жаңы катышуучуларды тартуу жолу менен төлөнүүчү схема болуп саналарын маалымдады.

“Алдамчылар, адатта, жакшы манипуляторлор жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет. Алар кыймылсыз мүлктү, облигацияларды жана акцияларды сатып алууну сунушташат, алар супер рентабелдүү делген интернет-долбоорлорго, курулушка жана айыл чарбага инвестициялоого убада беришет”,- деп айтылат билдирүүдө.

Каржы пирамидалар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашыра алышат.

Тэги: каржы пирамида ИИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть