Былтыр “Айыл Банк” дыйкандарга 2 млрд 300 млн сомго насыя берген

31.01.2022, 17:47 Акчабар
Былтыр “Айыл Банк” дыйкандарга 2 млрд 300 млн сомго насыя берген

Өткөн жылы “Айыл Банк” тарабынан дыйкан жана фермерлерге 2 млрд 300 млн сомго насыя берилди. Бул тууралуу “Айыл Банк” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев маалымдады.

Анын пикиринде, былтыркы жылы насыя алуучулардын саны 4,5 миңден ашкан. Анын ичинен 50 пайызы мал чарбасына, 15 пайызы өсүмдүк өстүрүү тармагына, 20 пайызы кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына берилди.

“Үстүбүздөгү жылы “Айыл Банк” “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорун ишке ашыруу үчүн активдүү иштөөнү улантат. Жыл башынан бери 8 миңден ашык кардар электрондук кезекке турду. Учурда биринчи кезекке тургандар боюнча документтер чогултулууда”, - деди ал.

Белгилей кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору 2013-жылдан бери иштеп келет. Үстүбүздөгү жылы “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбооруна республикалык бюджеттен 474 млн сом каралды. Аталган долбоор 12-январда министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.

Насыянын пайыздык чени 6 пайызды түзөт жана 3 жылдан 5 жылга чейин берилет.

Долбоордун максаты 2022-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Финансы министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Улуттук банк долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жооптуу аткаруучулар болуп эсептелинет.

Тэги: Айыл Банк Айыл чарбасын колдоо -10

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть