Былтыр 106 млрд сомго жакын салык жыйналды

25.01.2022, 15:34 Акчабар
Былтыр 106 млрд сомго жакын салык жыйналды

Былтыр мамлекеттик бюджетке 105 млрд 714 млн сом салык жана жыйымдар чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Анын айтымында, план 109,2% аткарылган же 8 млрд 945,1 млн сомго ашыкча жыйналган. 2020-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 26,7 млрд сомго көбөйгөн. Анын ичинен республикалык бюджетке 86 млрд 332,7 млн сом жыйналган. Жергиликтүү бюджетке 19 млрд 381,3 млн сом чогултулду.

“Салык кызматы салык боюнча пландык тапшырмаларды бир катар факторлордун негизинде ашыгы менен аткарды, анын ичинде салыктык башкарууну өркүндөтүү, ишкерлерге онлайн кызмат көрсөтүү. Атап айтканда, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, “Жыйынды пост” системасы, товарларды маркалоо жана башка долбоорлор да өзүнүн жыйынтыктарын берди”, - дейт Абдувапов.

Ошондой эле, ал үстүбүздөгү жылы Салык кызматынын алдында 155,6 млрд сом суммасында салыктарды чогултуу милдети турганын белгиледи.

Тэги: Салык жана жыйымдар Мамлекеттик салык кызматы бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть