Чартердик каттам: 2 күндө Россиядан 531 кыргыз жараны келген

24.08.2020, 14:15 Акчабар
Чартердик каттам: 2 күндө Россиядан 531 кыргыз жараны келген

23-24 август күндөрү Россиядан 531 кыргыз жараны кайтарылган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

23-августта Кыргызстанга «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча каттамы учуп келди, бул борт менен Россиядан 152 КР жараны кайтып келди, алардын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу Республиклык штабдан кабарлашты.

24-августта Кыргызстанга «Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча каттамы учуп келди, бул борт менен Россиядан 208 КР жараны кайтып келди, алардын ичинде жаш балдар да бар.

Бул каттам менен Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк Сахалинск, Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан дагы КР жарандары учуп келди.

24-августта Екатеринбургдан Ошко «Урал авиакаттамдары» авиакомпаниясынын чартердик каттамы учуп келди, бул рейс менен Мекенине 171 КР жараны кайтарылды, алардын ичинде балдар дагы бар.

Аталган каттам менен Ошко Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Магнитогорск, Курган, Пермь жана башка шаарлардан кайтууга өтө муктаж болгон жарандарыбыз (ар кандай оорулары барлар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдар, ошондой эле оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.

Тэги: Россия кыргыз жараны республикалык штаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть