Чүй каналынын экинчи этабын куруу долбоору башталды

03.02.2022, 11:48 Акчабар
Чүй каналынын экинчи этабын куруу долбоору башталды

Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Чуй облусундагы бир катар ирригациялык объектилердин абалын текшерди. Тактап айтканда, айланма Чүй каналынын экинчи баскычын куруу долбоору, ошондой эле Шамшы дарыясына суу сактагычты куруу долбоору менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Климаттын өзгөрүшүнө, тоо булактарындагы суунун азайышына байланыштуу ирригацияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты болуп сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатуу жана жаңы сугат жерлерди ишке киргизүү, ошондой эле суу топтоочу жайларды куруу саналат.

Кургакчылыкка байланыштуу сугат суулардын жетишсиздигинен улам бир катар чараларды көрүү, анын ичинде жогоруда аталган долбоорлорду куруу пландаштырылууда.

Учурда тармактык түзүмдөр тийиштүү долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууда.

Аалиев билдиргендей, 2021-жылдын ноябрь айынан тарта министрлер кабинети ирригациялык иштерди жүргүзүүгө каржылоону көбөйттү.

«Сугат иштерине кошумча 1 млрд сом бөлүнгөн. Учурда өлкөнүн ар бир аймагында каналдарды тазалоо, ирригациялык курулуштарды жана атайын техникаларды жазгы-талаа иштерине даярдоо иштери жүрүп жатат. Мындай ирригациялык чаралар айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн талааларын сугат суусу менен өз убагында жана керектүү көлөмдө камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Тазалоо иштери көп жылдардан бери жүргүзүлбөгөндүктөн, сугат маселеси мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ жакшырат деген үмүттөбүз. Бул туура чечим деп эсептейбиз. Министрлер кабинети Чүй облусунун дээрлик бардык булуң-бурчуна суу жеткире турган айланма Чүй каналынын экинчи этабын куруу долбоорун баштады», - деп билдирди Аалиев.

Иш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары Чоң Чүй каналынын чыгыш жана батыш каналдарын тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты, анда ӨКМ атайын техникасы иштеп жатат.

Иш сапардын жыйынтыгында Азиз Аалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликтерге бир катар тапшырмаларды берди. Кеп суу сактагычтарды келечекте электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн пайдаланууну эске алуу менен курулуштун долбоордук-сметалык документтерин жана башка зарыл процедураларын даярдоо боюнча иштерди тездетүү, ошондой эле жазгы-талаа жумуштарынын башталышына карай каналдарды тазалоону жыйынтыктоо жөнүндө жүрдү.

Тэги: Шамшы дарыясы Чүй облусу Чүй каналы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть