Чолпон-Атада кыргыз-чех бизнес-форуму болуп өттү

04.04.2022, 13:35 Акчабар
Чолпон-Атада кыргыз-чех бизнес-форуму болуп өттү

Чолпон-Ата шаарында кыргыз-чех бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановдун айтымында, Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири – эл аралык стандарттарга жооп бере турган “жашыл аймакка” (green destination) жетишүү.ал стандарттарды жүз пайызга болбосо да, 60-70 пайызын аткарууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

“Ал үчүн көп акча деле талап кылынбайт. Көбүнесе, мээнет талап кылынат.Болгону бизге талапка жооп бере турган заманбап технологиялар керек. Ал эми ысык суудан, күндөн жана шамалдан энергия өндүрүү үчүн бизде зор ресурстар бар. Биз чехиялык коноктор менен биргеликте иштесек, алардын тажрыйбасы менен биздин мүмкүнчүлүктөр айкалышып, койгон пландарыбыз ишке ашат”,- деди ал.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер жана соода-экономикалык кызматташуунун динамикалуу өнүгүүсүнө жаңы дем берүү максатында өткөрүлдү. Форумду Чехиянын Бишкек шаарындагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев жогорку деңгээлде уюштурду.

Бизнес-форумга, кызыкдар тарап катары облустун жетекчиси, райондордун акимдери, айыл өкмөттөрдүн башчылары жана шаарлардын мэрлери катышып, форумдун жүрүшүндө эки тараптын тең кызыкчылыгына төп келе турган ири жана орто долбоорлор сунушталып, кызуу талкууланды. Андан кийин, В2В сүйлөшүүлөр башталып, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана шаарлардын мэрлери чехиялык компаниялар менен бетме-бет талкууларга өтүштү.

Тэги: Чолпон-Ата шаары Чехия бизнес форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть