COVID-19: Жалал-Абадда тойканалар белгисиз мөөнөткө жабылды

01.07.2021, 15:00 Акчабар
COVID-19: Жалал-Абадда тойканалар белгисиз мөөнөткө жабылды

Жалал-Абад шаарындагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тойканалар белгисиз мөөнөткө жабылды. Мындай чечимди шаардын ыкчам штабы 1-июлдагы жыйынында кабыл алганын Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Коронавируска каршы эрежеге ылайык, коомдук тамактануучу жайларда 50% ашык адам отурбашы керек. Мындан тышкары, коомдук транспорттор таңкы саат 8:00дөн кечки саат 22:00гө чейин жүрүп, жекшемби күнү ишке чыкпай турган болду.

Буга кошумча, санитардык талаптардын аткарылышы боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү рейдге чыгат.

Эске салсак, Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 1392 адамдан аныкталып, ооруудан тогуз адам каза болду. Жаңы катталгандардын 37 учуру Жалал-Абад шаарынан чыкты.

Тэги: илдет эреже Джалал-Абад

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть