Депутат: «Айып пул аркылуу кошумча каражат табуу эмес, жолдо жүк ташуу тартибине көзөмөлдү күчөтүү болуп саналат»

06.03.2020, 11:30 Акчабар
Депутат: «Айып пул аркылуу кошумча каражат табуу эмес, жолдо жүк ташуу тартибине көзөмөлдү күчөтүү болуп саналат»

Кыргызстанда 27 маанилүү ири жол бар, анын ичинде 18 жолго биринчи кезекте автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Ошондо жүк тартуу жайларында орун алган коррупциялык схемалаларга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбооруна арналган парламенттик угуунун жүрүшүндө билдирди.

Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатканын белгиледи. «Жолдордун тез арада бузулушунун себеби – ашыкча жүк ташыган транспоттук каражаттар. Ошондон улам, мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айып пул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат», - деди ал.

Ошентип, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин, автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өтмөктөрү менен өткөрүү эрежелерин бузган жүк ташуучу автомобиль ээлери үчүн 9-категориядагы салык салууну колдонуу сунушталууда. Ага ылайык, боюнча айып пул жеке адамдар үчүн 1000 эсептик көрсөткүчтү же 18 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 2000 эсептик көрсөткүчтү же 55 миң сомду түзөт.

Баяндамачы мыйзам долбоорунун башкы максаты айып пулдун өлчөмүн көтөрүү менен, кошумча каражат табуу эмес экенин белгиледи. «Негизги максат жолдо жүк ташуу тартибине көзөмөлдү күчөтүү аркылуу автожолдордун сапатын сактап калуу болуп саналат. Баардык жүк тартуу жайларында автоматташтырылган таразалар орнотулса, андагы адам катышы кыйла азайып, коррупциялык жосундарга бөгөт коюлат», - деп кошумчалады Марлен Маматалиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карыздарынын 2 млрд 600 млн сомун же 80 пайызын жол салууга алынган насыялар түзөт. Мурдагы жөнөкөй таразалыр 6 миңге чейин гана бузууларды аныктаса, азыркы автоматташтырылган 20 миңге чейин бузууларды аныктай алат. Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактардан болгону 10 млн сом айып пул жыйналган.

Тэги: Депутат Айып пул кошумча каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть