Ошто акчалар дезинфекциядан өтүп жатат

16.04.2020, 14:00 Акчабар
Ошто акчалар дезинфекциядан өтүп жатат

Пенсия, жөлөк пул катары берилген акчалар тиешелүү дезинфекциядан өтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Жумаш Сыдыков билдирди.

«Улуттук банк фабрикадан чыккан акчаларды пенсия жана жөлөк пул катары таратканга аракет кылууда. Коммерциялык банктарда белгилүү тартипте дезинфекциядан өттүүдө жана «Кыргыз почтасы» да өзүнүн талаптарына ылайык иш жүргүзүүдө», - дейт ал.

Сыдыков белгилегендей, Кара-Суу, Ноокат жана Ош шаарларында орнотулган банкомат, терминалдар токтоосуз иштеп жатат.

Эске сала кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму накталай акчалардан коронавирус илдети жукпарын билдирген.

Тэги: Ош Акча дезинфекция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть