Дин башкармалыктын башкы эсепчиси пара берип жаткан жеринен кармалды

10.02.2021, 09:30 Акчабар
Дин башкармалыктын башкы эсепчиси пара берип жаткан жеринен кармалды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын бухгалгери кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан муфтияттын каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталды.

Каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин муфтияттын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтоткону үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

2021-жылдын 9-февралында бул факты сотко чейинки өндүрүшкө Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү («Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү») бюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү Дин башкармалыктын башкы эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: УКМК Пара Дин башкармалык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть