Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлүп берет

19.04.2022, 14:35 Акчабар
Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлүп берет

Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк тарабынан 50 млн доллар бөлүнөт. Каражаттын жарымы грант, калган жарымы насыя түрүндө берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин жыйынында кономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, пайыздык чен 0,75% түзөт. Насыя 38 жылга берилип, анын 6 жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат.

Министрдин орун басары Чоро Сейитов белгилегендей, экинчи региондук экономикалык өнүктүрүү долбоору 6 жыл аралыгында 2027-жылга чейин коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылат.

Айта кетсек, долбоор инфраструктураны жана мамлекеттик кызматтарды жакшыртууга, атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу аркылуу кирешени көбөйтүүгө, чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү аркылуу жумуш орундарын жогорулатууга багытталган.

Белгилей кетсек, кечээ 18-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Баткен облусунда “Экономикалык региондук өнүктүрүүнүн экинчи долбоору” боюнча Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы каржылоо жөнүндөгү макулдашуунун долбоору каралып, жактырылды.

Тэги: дүйнөлүк банк Баткенди өнүктүрүү насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть