Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлөт

12.04.2022, 16:17 Акчабар
Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлөт

Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк тарабынан 50 млн доллар бөлүнөт. Бул тууралуу кечээ,11-апрелде Жогорку Кеңештин тармактын комитетинин жыйынында Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билди.

Анын айтымында, каражаттын жарымы грант, калган жарымы насыя түрүндө берилет.

“Пайыздык чен 0,75% түзөт. Насыя 38 жылга берилип, анын 6 жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат”,- деди Сейитов.

Ошондой эле ал экинчи региондук экономикалык өнүктүрүү долбоору 6 жыл аралыгында 2027-жылга чейин коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылааарын белгиледи.

“Долбоор инфраструктураны жана мамлекеттик кызматтарды жакшыртууга, атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу аркылуу кирешени көбөйтүүгө, чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү аркылуу жумуш орундарын жогорулатууга багытталган”, - деп кошумчалады ал.

Тэги: дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүү насыя жана грант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть