Сомдун долларга карата наркы төмөндөп, теңге жана рублга карата баасы бекемделди

17.04.2020, 12:00 Акчабар
Сомдун долларга карата наркы төмөндөп, теңге жана рублга карата баасы бекемделди

17-апрелге карата доллардын сомго карата официалдуу курсу - 80.0071 сомду түзүп, 16-апрелге карата 0.4% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Коммерциялык банктарда америка валютасы 81 сомго жакындап, 80.5 сомдон 80.8 сомго чейин сатылып жатат. Кыргыз биржа фондусунун берген маалыматына ылайык, доллардын наркы - 80 сом, евронуку - 87.1 сом.

Эске сала кетсек, 9-апрелге карата доллардын курсу 8.33% төмөндөп кетти. Америка валютасынын наркы - 77.8 сомду түзүүдө. 10-апрелден тарта доллардын курсу кайрадан көтөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө баасы 2.53% жогорулады.

Ушул эле убакыт аралыгында сомдун наркы рублга карата 0.93%, теңгеге карата - 0.11% көтөрүлдү.

Доллардын курсу рублга карата дагы жогорулады. Россиянын Борбордук банкы берген маалыматка ылайык, доллар 74.7 рубль, евро - 81.3 рублду түзүүдө. Москва биржсында доллар 74.1 рубль менен, евро 80.6 рубль менен сатылып жатат.

WTI мунай маркасына болгон баа 20 $ төмөндөп, Brent маркасына болгон мунайдын бир баррели 28.2 $ сатылып жатат.

Тэги: доллар курс рубль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть