Коммерциялык банктарда доллар эмне үчүн расмий курстан төмөн сатылып жатат?

21.10.2020, 14:40 Акчабар
Коммерциялык банктарда доллар эмне үчүн расмий курстан төмөн сатылып жатат?

Официалдуу курс менен рыноктук курстун ортосундагы айырмачылык дүйнөлүк практикада дагы кездешет. Бул тууралуу «Акчабарга» Улуттук банктан билдиришти.

«Бул айырмачылык рыноктун ликвиддүүлүк деңгээлине, чет өлкөлүк валютага суроо-талаптын жана сунуштун тең салмактуулугуна байланыштуу болот. Айрым учурларда ал өйдө да, төмөн да өзгөрүшү мүмкүн», - деп белгилешти Улуттук банктан.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык, спот биржасы жана башка рыноктук алмашуу курстары сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда эркин аныкталат. Башкача айтканда, накталай рынокто, ошондой эле банктар аралык валюта рыногунда чендер чет өлкө валютасына суроо-талапка жана сунушка жараша белгиленет.

Эске сала кетсек, кечээ доллардын официалдуу курсу 0.72% төмөндөп, 81.2 сомду түзгөн. Муну менен катар коммерциялык банктарда америка валютасы 80.9 сом менен сатылып жатты.

Тэги: официалдуу курс Акчабар Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть