Дубайда энергетика жана туризм боюнча долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды

30.03.2022, 11:43 Акчабар
Дубайда энергетика жана туризм боюнча долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Дубай шаарында өтүп жаткан Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин 8-кеңешмесине катышуу алкагында Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри Абдалла бин Таук Аль-Марри менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин жана айыл чарба, энергетика, туризм жана өз ара аракеттенүүнүн башка тармактарында бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

"Буга катар кыргыз тарап Өкмөттөр аралык биргелешкен кыргыз-эмират комиссиясынын 2-жыйынын өткөрүү, Кыргызстан-БАЭ Ишкер кеңешинин алкагында эксперттик жолугушууларды, бизнес-делегацияларды, бизнес-форумдарды үзгүлтүксүз өткөрүү аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, Өкмөттөр аралык акселератор боюнча биргелешкен Жумушчу эксперттик топтун ишин активдештирүү зарылдыгын белгиледи",- деп айтылат билдирүүдө.

Тараптар ортосундагы пикир алышууда үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында БАЭ экономика министри Абдалла бин Таук Аль-Марринин бизнес-делегация менен Кыргызстанга пландаштырылып жаткан сапарына басым жасалды.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган кызматташуу багыттарын иш жүзүнө ашыруу максатында тыгыз жумушчу байланыштарды улантууну макулдашты.

Тэги: Арзыбек Кожошев Дубай шаары бдалла бин Таук Аль-Марри

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть