Дүйнөлүк банк: Борбор Азиядагы мамлекеттердин экономикасы көтөрүлүп жатат

26.02.2020, 12:10 Акчабар
Дүйнөлүк банк: Борбор Азиядагы мамлекеттердин экономикасы көтөрүлүп жатат

Көпчүлүк географиялык жайгашуусунун, аз сандагы калкынын жана этномаданиятындагы пикир келишпестиктердин курмандыгы деп эсептеген Борбор Азия бүгүнкү күндө көтөрүлүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы регионалдык жетекчиси Лилия Бурунчук менен Борбор Азиянын алдыңкы экономисти Ивайло Изворски билдирди.

Алардын айтымында, бул багыттагы жолду улантуу үчүн Борбор Азия мамлекеттери экономикалык жана социалдык реформаларды приоритеттештирүүсү зарыл.

«Экономикалык прогресстин көрсөткүчтөрүнүн бири- Өзбекстандагы экономикалык көтөрүлүш . 2017-жылы өлкө реформаларды жүргүзүп баштап, экономиканы, коомду жана мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртө алышкан. Баа жана валюта көзөмөлү төмөндөп, соода тарифтери либералдаштырылып, бизнеске салынуучу салыктар азайтылган. Андан сырткары мамлекеттин экономикага болгон катышы азайууда, бирок ал дагы деле күчтүү бойдон калууда. Бул өзгөрүүлөр жеке сектордун өзгөрүү динамикасын жакшыртууга үмүт берип, калктын жашоосунун деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт»,-дешет Дүйнөдүк банктын эксперттери.

Өзбекстан соода жана экономикалык интеграция үчүн ачык өлкөгө айлануусу менен бүткүл Борбордук Азия экспорттун көлөмүн жогорулатууга жол издей баштайт. Потенциалдык инвестициялык долбоорлор жана регион ичиндеги ишкерчилик менен бизнести өнүктүрүү долбоорлору талкууланууда.

Борбор Азиядагы прогресстин дагы бир көрсөткүчү - транспорттук жана нефть инфраструктурасынын өнүгүшү. Сөз жалгыз гана баардыгына белгилүү «Бир алкак-бир жол» демилгесинин алкагындагы долбоорлор тууралуу болгон жок. Өлкөлөр бири-бирин бириктирип, товарларды транспорттоого жол берген автомагистралдарын, темир жолдорун жана түтүк өткөргүчтөрүн куруп жатышат.

Дүйнөлүк банктын жакында айтылган докладдарынын бириндеги маалыматтарга караганда, «Бир алкак-бир жол» демилгесин ишке ашыруу менен Борбор Азия мамлекеттеринин айыл-чарба продукциясынын экспорту 8,6 пайызга, ал эми иштетилген тамак-аш азыктарынын экспорту 17 пайызга кбөүшү күтүлүүдө деп айтылат. «Бир алкак-бир жол» демилгесинин алкагында чек араны өтүү убакытын кыскартуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар менен биргеликтеги иш аракеттер түз чет элдик инвестиияларды тартууну 7 пайызга жогорулатат, ал эми ал өз кезегинде ИДПнын өсүшүн 1 пайызга жогорулатат.

Андан сырткары, экономикалык өсүүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен экспорттун өсүшү Борбор Азия менен Чыгыш Азия региондорунун байланыштарынын бекемдешинин арты менен болуп жаткандыгы айтылууда. Ага мисал катары CASA-1000 долбоорун келтирүү болот, анын алкагында, Кыргызстан менен Тажикстандын электрэнергиясынын ашык көлөмү Афганистан менен Пакистанга жөнөтүлүп турат. Башка мисал- «Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия» (TAPI) магистралдык газ өткөргүчүнүн курулушу. Анын алкагында Борбор Азиянын табийгый газы ал жетишсиз болгон Түштүк Азия мамлекеттерине жеткирилип турат.

Региондогу төртүнчү оң тенденция- бул мамлекеттердин жалпы көйгөйлөрдү чечүүдөгү чечимдерди биргелешип табууга болгон талпынуусу. Аларга регионалдык соодалашуу, регионалдык энергетикалык тармакты түзүү жана аймактагы терроризмди жоюу кирет. Борбор Азия мамлекеттернин Ташкенттеги жолугушуусунда кызматташтыктын жаңы руху көрсөтүлгөн.

Тэги: Борбор Азия экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть