ЕАЭБге Чүй облусу көп экспорт жөнөтөт

14.10.2020, 17:30 Акчабар
ЕАЭБге Чүй облусу көп экспорт жөнөтөт

Кыргызстандын ЕАЭБ менен товарайлануусу 2020-жылдын январь-август айларында 1.4 млрд $ түзгөн, анын ичинен экспорттун 30% - 98.5 млн доллары, 220 млн доллар импорт - Чүй облусуна тийиштүү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, экспорт боюнча Жалал-Абаддын ишкерлери экинчи орунда турат. Жалпысынан 84.6 млн доллар экспорт, 7.1 млн доллар импортту түзгөн. Андан кийинки орунда Бишкектеги экспорттоочулар турат. Алар ЕАЭБ менен 73.4 млн долларга соодалашышкан. Белгилей кетсек, сооданын башкы үлүшү - 76.5%, импорттун 745 млн доллары Бишкекке тиешелүү.

Бир дагы регионго тиешеси жок физикалык жактар, 58.4 млн долларга товар экспорттошкон.

Ал эми Нарын облусуна отчеттук мезгил ичинде жергиликтүү ишкерлер ЕАЭБге эч нерсе экспорттошкон эмес. Өткөн жылы бул сумма 88 миң долларды гана түзгөн. Импорт дагы 80% га кыскарып, 427 миң доллардан 84 миң долларга чейин төмөндөгөн.

Тэги: Кыргызстан ЕАЭБ товарайлануу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть