ЕАЭБде жумушсуз жарандардын саны 3.5 эсеге көбөйгөн

07.09.2020, 09:30 Акчабар
ЕАЭБде жумушсуз жарандардын саны 3.5 эсеге көбөйгөн

Евразия экономикалык бирликтеги жумушсуз жарандардын саны июль айынын жыйынтыгы менен 3 млн 659.8 миң же жумушчу орундун жалпы көлөмүнөн 3,9% түзөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия маалымдады.

2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу жумушсуз жарандардын саны жалпы ЕАЭБ боюнча 3.5 эсеге өскөн. Анын ичинен Казакстанда +26.8 миң жана Россияда +2.5 миң жумушсуз жаранга көбөйгөн.

Бирликтеги калган мамлекеттерде жумуш менен камсыз болгон жарандырдын аны өскөнү байкалат. Кыргызстанда ушул жылдын июль айында жумушсуздардын официалдуу саны 2019-жылга салыштырмалуу 3.8 миңге кыскарган. Ал эми Арменияда - 3.1, Белорусияда - 1.9 миңге төмөндөгөн.

Тэги: ЕАЭБ жумушчу орун экономикалык комиссия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть