ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 24.1% төмөндөп кеткен

16.09.2020, 17:00 Акчабар
ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 24.1% төмөндөп кеткен

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Евразия экономикалык союз үчүнчү өлкөлөр менен 46.3 млрд долларга соода жүргүзгөн. Анын ичинен экспорттун көлөмү - 24.8 млрд $, импорт - 21.5 млрд $ түзгөн. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.

Өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу сооданын көлөмү 24.1 % же 14.8 млрд долларга төмөндөгөн. Анын себеби, экспорттун көлөмү дароо 11.6 млрд долларга (-31.8%), импорт 3.2 млрд доллар (-12.7%) төмөндөгөнү менен байланыштуу.

Мунун менен катар экспорт менен импорттун айырмачылыгы 3.3 млрд долларды түзгөн. Ал эми өткөн жылы айырмачылык 11.7 млрд долларга жеткен.

Кошумчалай кетсек, Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү дароо 29.8% төмөндөп кеткен. КР экспорт июль айында дароо 43.7% кыскарган.

Тэги: тышкы соода көлөм млрд доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть