ЕАЭБ менен Өзбекстан ортосундагы айыл чарба продукциясын соодалашуу 2.4 млрд $ жеткен

09.04.2021, 10:20 Акчабар
ЕАЭБ менен Өзбекстан ортосундагы айыл чарба продукциясын соодалашуу 2.4 млрд $ жеткен

ЕАЭБ өлкөлөрү менен Өбекстан ортосундагы айыл чарба тармагындагы соодалашуунун көлөмү 2020-жылдын жыйынтыгы менен 2.4 млрд долларды түздү. 2019-жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү 30% жогорулаган. Бул тууралуу ЕЭКтин министри Артак Камалян Өзбекстандын айыл чарба министри Жамшид Ходжаев менен жолукканда маалым болду.

ЕЭКтин министри ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугунун жалпы принциптерин жана ыкмаларын калыптандырууга, Биримдик өлкөлөрүнүн базарларына айыл чарба продукцияларын кошумча жеткирүүнүн муктаждыктары же мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тез арада маалымат алмашуу үчүн аянтчаны түзүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. Органикалык айыл чарба продукцияларын үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелери дагы каралды.

Белгилей кетсек, 2020-жылы айыл чарба продукциясын өндүрүү ЕАЭБ боюнча 2019-жылга салыштырмалуу 2.3% жогорулаган. Өндүрүлгөн тамак-аш, суусундук жана чылым продукциялары 2020-жылы 130 млрд долларды түзгөн. 2019-жылга салыштырмалуу 3.1% жогорулаган.

Тэги: ЕАЭБ өлкөлөр айыл чарба товар жүгүртүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть