Евразия экономикалык бирикме үчүнчү өлкөлөр менен үстүбүздөгү жылдын октябрь айында 54 млрд долларга соода жүргүзгөн. Ошону менен катар экспорттун көлөмү - 30.3 млрд долларды, импорт - 23.7 млрд долларды түзгөн. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирди.
Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу жүгүртүү 19.3% же 13 млрд долларга төмөндөгөн. Бул экспорттун 25.3% же 10.3 млрд долларга кыскарышы менен байланыштуу. Андан сырткары импорт дагы - 10.1% же 2.7 млрд долларга төмөндөгөн. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына карата импорт 5.3% өскөн, ал эми экспорт -8.2% кыскарган.
Тышкы соода 6.6 млрд долларды түзгөн, өткөн жылдын октябрь айында 14.2 млрд долларды түзгөн.
Кошумчалай кетсек, тышкы сооданын 83.11% үлүшү Россияга таандык.