Евразия экономикалык бирикменин үчүнчү өлкөлөр менен болгон соодасы ушул жылдын июнь айында 46.9 млрд долларды түзгөн. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия маалымдады.
Анын ичинен экспорттун көлөмү - 25.8 млрд долларды, импорт - 21.1 млрд долларды түзгөн.
«Өткөн жылдын июнь айына салыштырмалуу айлануу 19.1% же 11.1 млрд долларга төмөндөгөн. Кыскаруу экспорттун 23% же 10.2 млрд долларга азайышы менен байланыштуу», — деп жазылат маалыматта.
Товарлардын тышкы соодасынын сальдосу 4,7 миллиард долларды түзгөн, ал эми өткөн жылы июнь айында бул көрсөткүч 14 миллиард долларга жеткен.