ЕБ Кыргызстандын инклюзивдик билим берүү тармагын жакшыртууга 32 млн евро бөлөт

13.04.2022, 12:36 Акчабар
ЕБ Кыргызстандын инклюзивдик билим берүү тармагын жакшыртууга 32 млн евро бөлөт

Кыргызстан менен Евробиримдик ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдик билим берүү тармагына жардам көрсөтүү үчүн 32 млн евролук гранттык каржылоо келишимине кол коюшту. Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымактка ылайык, бюджеттик колдоо программасынын 3-фазасы гендердик теңчиликти, инклюзивдик билим берүүнү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүнү жана көп тилдүү билим берүүнү, ошондой эле шаардык жана айылдык мектептерде санариптик, жашыл жана медиа көндүмдөрдү жана сабаттуулукту интеграциялоону улантууга багытталган. Программа ошондой эле билим берүү компетенцияларын жана көндүмдөрүн санариптик доордун муктаждыктарына ылайык келтирүүгө жардам берүүнү көздөйт.

Берилген жалпы жардамдын 27 млн евросу бюджеттик колдоо жана 5 млн евросу техникалык жардам катары бөлүнгөн.

“Жаңы бюджеттик колдоо программасы Евробиримдиктин билим берүү тармагына мурдагы колдоосунун ийгиликтүү натыйжаларына негизделет. Евробиримдик 2014-2021-жылдары 72 млн еврого жакын каражат бөлгөн”,- деп айтылат министрликтин маалыматтында.

Кошумчалай кетсек, көбүрөөк инклюзивдик билим берүү системасын колдоо "Global Gateway" стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал эң актуалдуу глобалдык чакырыктарды чечүү менен бирге адамдар жана планета үчүн иштеген туруктуу жана ишенимдүү байланыштарды жактайт.

Тэги: Евробиримдик инклюзивдик билим берүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть