Руслан Бекетаев ЕЭКтин экономика жана финансы саясат министри болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында маалымдалат.
Буга чейин бул кызматта Казакстандын улуттук экономикасынын биринчи вице-министри Тимур Жаксылыков иштеген.
Руслан Бекетаев Казакстандын финансы министрлигинин каржы мониторинг комитетинин өкүлүнүн орун басары, андан соң казына комитетинин өкүлү кызматтарын аркалаган. Андан сырткары, каржы вице-министри катары жети жылга жакын иштеген.
Кошумчалай кетсек, чечим 5-мартта кабыл алынган.