ЕЭК: койлордун саны 1.8% көбөйөт

08.01.2021, 10:55 Акчабар
ЕЭК: койлордун саны 1.8% көбөйөт

Евразия экономикалык комиссиянын прогнозуна ылайык, кой жана эчкилердин башы бул жылы 1.8% көбөйөт. Бул тууралуу ЕЭКтин «‎Сан жана фактылар» докладында айтылат.

Муну менен катар, 2020-жылдын башында Кыргызстанда 6.2 млн кой жана эчкилердин башы бар экендиги аныкталган. ЕЭКтин маалыматына ылайык, бул жылы дагы 119 миң башка көбөйөрү пландалууда.

Андан сырткары, бул жылы башка малдын башы 105.4 миң башка кыскарышы мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБ ичинде Кыргызстан, Казакстандан сырткары ири мүйүздүү малдын саны көбөйөрү күтүлүүдө, ал эми Казакстанда малдын башы 672,2 миң башка кыскарышы мүмкүн.

Тэги: ЕЭК Кой мал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть