Экономика министрлиги коронавируска каршы кабыл алган чаралары тууралуу айтып берди

30.07.2020, 15:40 Акчабар
Экономика министрлиги коронавируска каршы кабыл алган чаралары тууралуу айтып берди

COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу боюнча КР Өкмөтүнүн тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан дары-дармек каражаттарынын аныкталган түрлөрүн жана медициналык буюмдары ташып чыгаруга убактылуу тыюу салынган. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде КР Экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Андан сырткары, коронавирустан улам экономикага тийген терс таасирди азайтуу максатында бир катар чаралар кабыл алынган, анын ичинде:

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке жактар жана жеке ишкерлер тарабынан бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөттөрүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартуу; салык карызынын суммасы боюнча мөөнөтүн 1-апрелден 1-октябрга чейин 2020-жылга чейин кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө;
2021-жылдын 1-январына чейин салык текшерүүлөрүн жүргүзүүгө тыюу салуууну киргизүү;
2021-жылдын 1-январына чейин ишканаларды банкроттук процедураларын жүргүзүүгө убактылуу тыюуну киргизүү;
Ишкердик субьекттерге жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча 14,0 млрд сом өлчөмүндө кризиске каршы фонд түзүлдү.

«ЕЭК Кеңеши ЕАБ аймагыда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу жана жок кылуу үчүн импорттолуучу товарларды ташып кирүү бажы алымдарынан бошотуу чечимин кабыл алган:ал жеке коргоочу каражаттарына, дизинфакция каражаттарына диагностикалык реагенттерге, медициналык жабдуулардын эана материалдардын айрым түрлөрүнө жайылтылат»,-деп билдирди Муканбетов.

Ошондой эле, ЕАЭБдин ички рыногунда тартыштыктарга жол бербөө максатында, ЕЭК Коллегиясынын чечими менен ЕАЭБ аймагынан азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга тыюу салынган.

2020-жылдын 1-июлдан тартып электрондук эсеп-фактурасынын маалыматтык системасы киргизилди.
2020-жылдын1-июлунан тартып май куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы колдонуу боюнча милдеттенмелер киргизилген.

Тэги: Экономика министрлиги коронавируска каршы чаралар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть