Экономика министрлигинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

28.04.2022, 15:55 Акчабар
Экономика министрлигинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Экономика жана соода министрлигинин 2019-2020-жылдарга карата ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү. Анын алкагында, 128,6 миң сомдук каражаттарды чыгымдоодо мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти.

Текшерүүнүн материалдарынын негизинде, мурдагы аудиттин сунуштарына карабастан бизнес-класстагы авиабилеттерди сатып алуу үчүн бюджеттик каражаттарды сарамжалсыз пайдаланууга жол берилгени, анын баасы 152,8 миң сомго ашкандыгы белгиленди.

Мындан тышкары, ведомствого караштуу райондор аралык башкармалыкта “эмгек акы” беренесинин эсебинен төрт кызматкерге акчалай бир жолку сый акылар жана материалдык жардамдар негизсиз төлөнүп берилген.

Ошондой эле 2019-жылга 581,2 миң сом жана 2020-жылга 330,6 миң сом өлчөмүндө негизсиз бонустарды төлөөгө жол берилген.

Факт боюнча мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

Тэги: мыйзам бузуу Экономика министрлиги аудит эсеп палатасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть