Эл аралык үзгүлтүксүз авиа каттамдар 7-августтан тарта жанданды

10.08.2020, 14:04 Акчабар
Эл аралык үзгүлтүксүз авиа каттамдар 7-августтан тарта жанданды

Эл аралык үзгүлтүксүз авиа каттамдар 2020-жылдын 7-августунда Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен жандандырылды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев брифингде билдирди.

Ошондон улам, төмөнкү каттамдар аткарылууда:

«АвиаТраффикКомпани» авиакомпаниясы: Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча жумасына 2 жолу. Бишкек -Анталья- Бишкек багыты боюнча жумасына 1 жолу;

«Турция авиалиния» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына 2 жолу;

«Пегасус Эйрлайнс» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек- Стамбул багыты боюнча жумасына 2 жолу;

«ФлайДубай» авиакомпаниясы Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча жумасына 1 жолу.

Каттамдар жана билеттерди сатып алуу маселеси боюнча авиакомпаниялардын сайттарынан маалымат алса болот.

Тэги: эл аралык каттамдар Турция Бириккен Араб Эмираты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть