Эл аралык валюталык фонд Кыргызстанга 121,1 млн доллар каражат которот

12.05.2020, 09:30 Акчабар
Эл аралык валюталык фонд Кыргызстанга 121,1 млн доллар каражат которот

Эл аралык валюталык фонд 2020-жылдын 8-майында Кыргызстанга 121,1 млн АКШ доллары өлчөмүндө көмөктүн экинчи траншын жактырды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Эл аралык валюталык фонддун биринчи траншы бюджеттин социалдык-маанилүү чыгымдарына пайдаланылган. Натыйжада, жалпысынан алганда Эл аралык валюталык фонддун линиясы боюнча көмөктүн өлчөмү 241,9 млн АКШ долларын түзөт.

2020-жылдын 5-майында Кыргызстан жана Азия өнүктүрүү банкы аралык Азия өнүктүрүү банкынын COVID-19 пандемиясына жаңы Жооп кайтаруу терезесинин алкагында Кыргызстан үчүн 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө бюджеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлган.

Буга толуктоо иретинде Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанды 2020-жылы колдоо үчүн аракеттер саясаты, же башка кредит берүү негизинде максаттуу насыялоо аркылуу кошумча каржылоо маселесин карайт. Мындан тышкары 2020-жылдын 14-майында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан пандемиянын саламаттыкка тийгизген кесепеттерин жумшартуу боюнча өлкөнүн дараметин жакшыртуу үчүн өзгөчө долбоордук жардам түрүндө 20 млн АКШ долларын бөлүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда.

Коронавирустун жайылуусу менен күрөшүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын 12,15 млн АКШ доллары суммасындагы каражаты жактырылды, ал боюнча тендердик процесс даярдалууда. Мындан тышкары учурдагы «Кыргызстанда табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунан COVID-19 глобалдуу пандемиясына байланыштуу дары-дармектерди жана жабдууларды шашылыш сатып алууга 9 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Алар боюнча тендердик процедуралар аяктоо баскычында турат.

Европа бирлиги тарабынан бюджеттик колдоо түрүндө 30 млн евро бөлүү маселеси каралууда, Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу Кыргызстанга COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү максатында ишке ашырылып жаткан долбоорлордон 15 млн АКШ доллары өлчөмүндө үнөмдөлгөн каражатты кайра бөлүштүрүү жана пайдалануу макулдашылды.

Тэги: Эл аралык валюталык фонд АКШ доллар экинчи транш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть