Cтатком эл каттоо мезгилинде убактылуу кызматкерлерди жумушка тартат

14.01.2020, 18:00 Акчабар
Cтатком эл каттоо мезгилинде убактылуу кызматкерлерди жумушка тартат

Ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Статистика комитети каттоону жүргүзүү мезгилинде убактылуу кызматкерлерди жумушка тартууну пландаштырууда. Мында, мурда эл каттоого же кайсы бир статистикалык тандалма изилдөөлөргө катышкан 18 жаштан жогору курактагы КР жарандарына артыкчылык берилет. Мындан тышкары, Android 5 системасында башкарылган уюлдук телефону болушу жумушка кабыл алуу үчүн зарыл шарт болуп саналат

Ишке орношуу боюнча бардык суроолор менен жашаган жер боюнча мамлекеттик статистиканын облустук башкармалыгына кайрылсаңыздар болот.

Тэги: Эл каттоо кызматкер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть