«Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке берүүгө даярдык көрүлүп жатат

06.11.2019, 16:36 Акчабар
«Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке берүүгө даярдык көрүлүп жатат

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Нотариустардын бирдиктүү реестрин, нотариустук иш-аракеттердин маалыматтык негизин түзүү, «Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картанын» иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүүдө.

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасы иштин ачыктыгын арттырууга, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, нотариустардын ишинин сапатын жогорулатууга, адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган.

Учурда жарандар жана уюмдар нотариустук, айрыкча коммерциялык кыймылсыз мүлктү сатып алууга же сатууга байланыштуу кызматтарды пайдаланууда ыңгайсыздыктарды сезишет. Ар кандай агенттиктерден алынган зарыл документтерди бергенден кийин алар кыймылсыз мүлктүн актуалдуу макамы тууралуу расмий маалымат алуу үчүн нотариустук кеңселер мамлекеттик каттоо бюросу менен байланышканча күтүшү керек. Баскычтуу аткарылган транзакциялардын санынын көптүгүнө байланыштуу, кардардын жана сатуучунун ортосунда нотариус аркылуу таризделүүчү келишимдерди жүргүзүү кыйла көп убакытты талап кылат.

Электрондук нотариус модели нотариустардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. «Электрондук нотариус» нотариустук иш-аракеттерди жүргүзүү убактысын, үзгүлтүккө учуроолордун санын жана тыныгууларды кыскартып, процесстин сапатын жакшыртып, маалыматтык тутумду активдүү колдонуунун негизинде нотариустук аракеттердин заманбап түрүн түзөт.

«Электрондук нотариус» МС нотариустарга кайрылган учурда жарандардын жана уюмдардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо деңгээлин жогорулатат.

Натыйжада «Электрондук нотариус» МС Кыргыз Республикасынын башка маалыматтык системалары менен интеграцияны камсыз кылат.

«Электрондук нотариусту» толук кандуу киргизүү үчүн өкмөттүн буйругу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 7,3 млн сом бөлүнгөн.

20-сентябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарында тесттик режимде ишке киргизилген. Учурда толук кандуу жана комплекстүү иштөөсү үчүн системаны тууралоо жүрүп жатат.

Булак: Kabar.kg

Тэги: Электрондук нотариус маалыматтык система 2019

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть