Эркин экономикалык зоналарга инвестиция тартууну жеңилдетүүгө багытталган укуктук база сунушталууда

01.06.2020, 13:45 Акчабар
Эркин экономикалык зоналарга инвестиция тартууну жеңилдетүүгө багытталган укуктук база сунушталууда

Бүгүн, 1-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Салык кодексине, «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү» мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Г.Асылбаева, А.Нурбаев, А.Султанов, Э.Байбакпаев, С.Айдаров, О.Алыбаев, А.Арапбаев, А.Осмонова, Ж.Акаев, А.Сулайманов.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Абдывахап Нурбаев мыйзам долбоору буга чейин Кыргызстандын экономикасына инвестиция салган, өндүрүштөрдү жөндөгөн, жумуш орундарын түзгөн жана өлкө экономикасына жагымдуу таасир көрсөткөн эркин экономикалык зоналардын бардык субъекттерине бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ошондой эле, бул мыйзам долбоорунун нормалары эркин экономикалык зоналарга инвестицияларды жеӊилдиктер менен тартуу, инновациялык жана экологиялык таза, табиятты сактоого багытталган, атаандаштыкка жарамдуу экономиканы өнүктүрүү үчүн укуктук базаны түзүүгө мүмкүндүк берери айтылды.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда креативдүү индустриялар кластери деген түшүнүккө аныктама берилгенин айткан депутат:

«Бул чыгармачыл топтордун иштөөсү үчүн укуктук негизди түзүүгө мүмкүндүк берет. Анткени, креативдүү кластер – чыгармачылык дараметке жана инновациялык идеялар менен өндүрүмдөрдү иштеп чыгуу мүмкүндүгүнө ээ болгон адамдардын жалпылыгын камтыйт. Кластерге кирүүчү ишканалар бири бирин толуктап турат. Ал синергиянын эсебинен натыйжалуулукту жогорулатууга алып келет», – деп кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Рада Туманбаева сунушталып жаткан мыйзамдагы нормалар эркин экономикалык зоналарда натыйжалуу башкаруу болоруна кепилдик бербей турганын жүйө келтирип, кабыл алууга каршы чыкты. Мындай пикирди комитет төрагасы Нурбек Алимбеков да тастыктап, экономикалык тобокелчиликтер арбын экендиги менен түшүндүрдү.

Ошондой эле депутаттар башкаруу компаниялары боюнча маселелерди көтөрүшүп, мыйзамды кайра иштеп чыгуу зарылчылыгына токтолушту. Жыйынтыгында кайра карап чыгуу максатында демилгечи депутат Абдывахап Нурбаев мыйзамды артка чакыртып алды.

Тэги: Кыргыз Республикасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть