"Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы 17-ноябрдан баштап Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан маршруту боюнча авиакаттамдарды жандандырат. Каттамды "Эйр Астана" авиакомпаниясы жумасына эки жолу - шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми, 3-декабрдан тарта аталган маршрут боюнча каттамдар жумасына төрт жолу уча баштайт: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү.
Учуу убактысы - 1 саат 50 мүнөттү түзөт.
Эске салсак, тиешелүү каттам пандемияга байланыштуу 2020-жылдын башында токтотулган.